Кыргызстанда 48 мамлекеттик дарыкана иштеп жатат. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, алар ооруканаларда жана поликлиникаларда жайгашкан.
Андагы дары-дармектер жеке дарыканаларга караганда 10-15 пайызга арзан. Препараттардын ассортиментин 2 миңге чейин көбөйтүү убадаланууда.