Кыргызстанда жумушсуз катары 65,1 миң адам катталды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комиттетин маалыматында айтылат.
Документке жазылгандай, жумуш менен камсыздоо мамлекеттик органдарында жумуш издеген жаран катары каттоодо тургандардын саны 2024-жылдын 1-мартына карата 87,9 миң адамды түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,6%га аз, анын ичинен жумушсуз катары катталган адамдардын саны 65,1 миңди түздү.
Катталган жумушсуздардын жалпы санынын 44,3%ын аялдар түзөт.
Жалпы жумушчу күчүндө катталган жумушсуздуктун деңгээли 2,4% болду.