Кыргызстанда бардык автоунааларга видеорегистратор орнотуу милдеттендирилет

13.04.2022, 13:50 Акчабар
Кыргызстанда бардык автоунааларга видеорегистратор орнотуу милдеттендирилет

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ички иштер министри Улан Ниязбековго республиканын аймагында катталган автоунааларды милдеттүү түрдө видеорегистраторлор менен жабдуу боюнча мыйзам долбоорун даярдап чыгууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, унааларды видеорегистраторлор менен жабдуу жол кыймылы катышуучулары арасындагы тартипти күчтөндүрүүгө, коомдук коопсуздукту чыңдоого мүмкүндүк берет.

Себеби, видеокамералардын саны жогорулап, тийиштүү түрдө, көпчүлүк укук бузуулар видеокамералар аркылуу катталып турат. Ошондой эле видеорегистратордогу жазуулар жол кырсыгынын себебин талдоодо маанилүү курал болуп берет, - деп айтылат маалыматта.

Аталган ченемди 2025-жылга карай ишке киргизүү сунушталууда, бул унаа ээлерине көрсөтүлгөн убакытка чейин видеорегистратор алууга өз бюджетин пландаштырууга мүмкүндүк берет.

Тэги: видеорегистратор мыйзам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть