Опубликовано
11.04.2022, 04:30Кыргызстандын аймагында акыркы бир жумада 18 миң 702 жол эрежесин бузуу катталды. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жол кырсыктарынын жана жол эрежелерин одоно бузууларды алдын алуу максатында республиканын аймагында рейддик иш-чараларды өтүүдө.
Маалыматка ылайык, акыркы жумада аныкталган жол кырсыктарынын ичинен транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандар, жол белгилеринин талаптарын аткарбагандар, транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашкандар жана жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандар басымдуу.