Энергетика министрлиги Кытайдын “China National Electric Engineering Co.Ltd” (CNEEC) компаниясы менен биргеликте үч ГЭС жана бир жылуулук станциясын курууну пландоодо. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тараптар Суусамыр-Көкөмерен ГЭСтер каскадынын жана Кара-Кече ЖЭБинин долбоорлору боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу меморандумуна кол коюшту.
Мекеме Суусамыр-Көкөмерен ГЭС каскады жалпы кубаттуулугу 1305 МВт болгон үч ГЭСтен турганын тактады:
Белгилеп кетсек, 600 МВт кубаттуулуктагы Кара-Кече жылуулук станциясы Нарын облусунун Жумгал районунда жайгашат.
Меморандумга энергетика министри Таалайбек Ибраев жана “CNEEC” компаниясынын вице-президенти Цзин Хуэй кол коюшту.
Маалым болгондой, China National Electric Engineering Co.Ltd. (CNEEC) гидро, күн жана шамал электр станцияларын курууда чоң тажрыйбага ээ.