2022-жылдын соңунда mashina.kg сайтынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда эң көп "Toyota Camry", андан кийин "Daewoo Matiz" жана "Mercedes-Benz E-Class" сатылган. “Акчабар” бүгүнкү күндө өлкөдө эң көп сатылган 10 унаа моделинин баасы канча экенине саресеп салды.
Төмөндө 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча эң көп сатылган унаалардын рейтинги берилди.
Бүгүнкү күндө сатылган 10 унаанын ичинен эң кымбаты "Lexus RX" - орточо эсеп менен 39 миң доллар, андан кийин "Tayota Camry" - 22,79 доллар жана "Honda CR-V" - 15,7 миң доллар.
Белгилеп кетсек, эсептөөлөрдө негизги критерий унаа модели болгон, бүгүнкү күндө сунушталган варианттар жана 2023-жылга чейин чыгарылган жылы эске алынган.
Төмөндө Кыргызстандагы 10 унаа үлгүсүнүн орточо баасы(доллар менен).