Кыргызстанда иш жериндеги зомбулукка каршы жарлык кабыл алынды

07.03.2024, 09:40 Акчабар
Кыргызстанда иш жериндеги зомбулукка каршы жарлык кабыл алынды

Кыргызстан жумуш ордундагы зомбулукту жана куугунтуктоону жоюу боюнча Эл аралык эмгек уюмунун 190-конвенциясын ратификациялады. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова билдирди.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Ишке ашыруу боюнча мындан аркы иш-чараларды талкуулоого Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, тиешелүү министрликтердин, эл аралык жана коомдук уюмдардын, Ынтымак борборунун өкүлдөрү, журналисттер, эксперттер катышты.

“Бул конвенцияны ратификациялоо жумуш ордунда зомбулукту жана куугунтуктоону азайтуу жана алдын алуу боюнча тийиштүү чараларды көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Документ жумуш ордунда коопсуздукту жана теңчиликти камсыздоого, адилет жана коопсуз эмгек мамилелери үчүн шарттарды түзүүгө багытталган”, — деди Гүлнара Баатырова.

Тэги: иш жери жумуш зомбулук Эл аралык эмгек уюму

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть