Кыргызстанда ишке орноштуруу боюнча окутуу долбоору ишке кирет

02.01.2024, 13:05 Акчабар
Кыргызстанда ишке орноштуруу боюнча окутуу долбоору ишке кирет

Өлкөдө суроо-талапка ээ болгон кесиптерге кыска мөөнөттүү окутуу боюнча жаңы долбоор башталат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул долбоор Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин колдоосу менен ишке ашат.

“Долбоор 12 жылга эсептелет, биринчи фазасы 2027-жылдын октябрында аяктайт жана кыска мөөнөттүү окууга 18 жаштан 35 жашка чейинки жарандар катыша алат”, - деп айтылат маалыматта.

Долбоордун максаты аз камсыз болгон жана толук эмес үй-бүлөлөргө, жумушсуз жаштарга, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга кыска мөөнөттө талап кылынган кесиптерге ээ болууга жардам берүү.

Тэги: жумушсуздук окутуу жаңы долбоор Швейцария

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть