Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Эр-Риядга жумушчу сапарынын жыйынтыгында Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммад бин Сулейман Аль-Жассир менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстанда Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан транспорт, ирригация жана саламаттыкты сактоо тармагында ишке ашырылып жаткан биргелешкен долбоорлорду талкуулады.
Кожошев Кыргызстанда Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлчүлүгүнүн кеңсесин ачууну сунуштады, бул долбоордук документтерди макулдашууну жана аларды ишке ашырууну бир топ жеңилдетет. Өз кезегинде Мухаммад бин Сулейман Аль-Жассир Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстан менен кызматташууга чоң маани берет деп билдири.