Мамлекет заманбап «Киби» кол протезин 18 жашка чейин акысыз берет

30.01.2024, 11:00 Акчабар
Мамлекет заманбап «Киби» кол протезин 18 жашка чейин акысыз берет

Быйыл Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси Кыргызстандын аймактарынан келген 13 өспүрүмгө заманбап “Киби” кол протезин берип, аларды кантип колдонууну үйрөттү.

Протездерди Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин адистери жасаган. Протез-техниктер атайын окуудан өтүп, былтыртан бери Бишкекте сапаттуу материалдардан заманбап жана жеңил кол протезин жасай башташкан.

Былтыр 13 өспүрүмгө протез берилсе, быйыл дагы 13 балага протез жасалды.

Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин директору Ализа Солтонбекованын айтымында, протездерди жасоого 2022-жылы мамлекетик бюджеттен 1 млн 800 миң сом бөлүнгөн. Ал эми быйыл 1,5 млн сом жумшалды. Ошондой эле, “Элим барсыңбы?” кайрымдуулук фонду тарабынан 400 миң сомдон ашык каржылай колдоо көрсөтүлдү.

“Буга чейин бул протездерди жасатуу үчүн биздин жарандар Орусияга барып, ал жактан акы төлөп алышса, бүгүнкү күндө кыргызстандыктар мындай протездерди акысыз ала алышат (ред. 18 жашка чейинки балдарга акысыз). Биздин каттоодо 320 адам кол протезине муктаж болсо, анын 30у балдар”, - деди Ализа Солтонбекова.

Салида апасы менен Ысык-Көл районунун Корумду айылынан болот. Ал 9 жашта, бир жарым жашында үйүндө жаракат алып, оң колун кесип алган. Салида буга чейин косметикалык протез кийген. Бирок ал жакшы иштебей, кемтикти гана жашырчу. Бир ирет Бишкекке орусиялык адистер келип, ушундай тартылуучу протездерди көрсөтүшкөн, аны Салиданын үй-бүлөсү да көргөн. Ошондон бери Салида "Киби" протезин алууну каалап жүргөн. Эми анын ачык кызгылт протези бар, ага “Hello Kitty” мультфильминдеги сүйүктүү каарманынын стикерлери жармаштырылган. Салида мындай протез ыңгайлуу экенин айтып, ал менен буюмдарды кармап, сүрөт тартам деп турган учуру.

Иш-чаранын уюштуруучулары мындай протездөө менен бир гана сүрөт тартпастан, курулуш комплекттерин чогултуп, велосипед жана скутер тээп, деги эле жүрөгүң каалаган нерсени жасоого болот дешет.

Оштон келген Эмир 7 жашта. Баланын тубаса кемтиги бар, ал дагы косметикалык протез колдонуп көргөн. Учурда Эмир өзүнө жаккан көк протезди тандап алды.

“Биз абдан кубанып жатабыз. Жаңы протез функционалдуу экен. Элдерге да кайрылып кетер элем, эгер билбегендер болсо Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесине кайрылыңыздар. Жардам беришет экен. ”, - деди Эмирдин апасы Космира Маматалиева.

Ошондой эле, ал протезди балага эрте жаштан алуу керектигин белгиледи. Анын айтымында, протезди кеч кийген баланын омурткалары кыйшайып калышы ыктымал.

“Моторика” компаниясынын КМШ боюнча иштөө бөлүмүн башчысы Валерия Хемикос протездердин дизайнын колдонуучулар өздөрү тандашарын белгиледи

Анын айтымында бул абдан маанилүү, анткени эгерде протез балдардын каалоосу боюнча жасалса, адаптация мезгили алда канча тез жана жеңил болот. Анткени, бул протездер жаракатты жашыруу үчүн эмес, балдар өздөрүн: "Ооба, менде протез бар жана бул сонун, мен аны менен көп нерсе кыла алам деши керек", - дейт ал.

“Учурда биз колдорго арналган протездерди гана чыгарабыз, бирок келечекте буттарга дагы протездерди чыгармакчыбыз. Биз кардарларыбыз менен ар дайым байланыштабыз. Бизде кардарлар бөлүмү бар, айына бир жолу биздин протездерди колдонгондор менен байланышып, ал-акыбалын билип турат. Эгер протези бар адамга бир нерсе болуп калса, биз протезди алып кетебиз, курьер протезди Москвага жеткирип, оңдоп берет, кайра жөнөтөт", - дейт Валерия Хемикос.

Протез алгандардын арасында бионикалык протезди колдонгон өспүрүм да бар. Баса, ал буга чейин “Киби” протезди да колдонгон. Ал бионикалык протез алда канча функционалдуу экенин билдирди. Амир азыр Кемерово мамлекеттик университетинин студенти экенин, программист адистиги боюнча билим алып жатканын, жаңы протезди кийип спорт менен машыгууга ниети бар экенин билдирди. Анын ийгиликке жетээринде эч кандай шек жок, анткени мындай бионикалык протездер менен спортчулар паралимпиада чемпиону да боло алышат.

Тэги: Киби кол протездери кырсык протез Моторика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть