Учурда Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майга тартыштык жок, абал туруктуу. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө күйүүчү-майлоочу майлардын баасына жана жеткирүүгө байланыштуу бир катар актуалдуу маселелер чечилди.
Индикативдик баланс көбөйтүлдү, күйүүчү-майлоочу май республикага алымдарсыз ташылат, бул келечекте (литрине болжол менен 1,5-2 сом) баанын өсүшүн кармап турууга жардам берет.
“Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында коңшу мамлекеттердин темир жолдору аркылуу үзгүлтүксүз жеткирүү, анын ичинде күйүүчү-майлоочу майды жеткирүү маселеси чечилди”, - деп айтылат маалыматта.