Опубликовано
28.09.2023, 03:45Кыргызстанда көмүрдү байытуучу эки завод курулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин бөлүм башчысы Нурлан Шаршеев билдирди.
Анын айтымында, заводдун бири Кара-Кече кенинин жанына курулса, экинчиси түштүк аймакта болот.
"Алсак, “Д” классындагы импорттолгон 1 миң тонна көмүрдөн 8,8 тонна зыяндуу зат чыкса, байытылбаган көмүрдөн дээрлик 13 тонна чыгып жатат. Бул өтө чоң айырма, - деди Шаршеев.
Ал белгилегендей, заводдорду курууга болжол менен эки жыл талап кылынат.