Кыргызстанда кызамыкка чалдыккандар 8 миң адамга чукулдады

12.04.2024, 10:30 Акчабар
Кыргызстанда кызамыкка чалдыккандар 8 миң адамга чукулдады

Кыргызстанда 8-аперлге карата кызамык оорусунун 7 миң 864 учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактикалык борборунан билдиришти.

Аймактар боюнча бөлүштүрө келгенде, Бишкек шаары боюнча 2 миң 599, Ош шаарында 464, Ош облусунда 1 миң 226, Баткен облусунда 214, Чүй облусунда 1 миң 836, Жалал-Абад облусунда 1 миң 196, Ысык-Көл облусунда 130, Талас облусунда 105 жана Нарын облусунда 94 учур катталды.

"Мурдагыдай эле оору Бишкек шаарында, Чүй, ошондой эле Жалал-Абад облустарында жайылып жатат. Бул аймактарда оорулуу адамдардан вирусту жуктуруп алчу адамдар көп экени мына ушундай көрсөткүчкө себеп болууда", - деп айтылат маалыматта.

Тэги: кызамык саламаттык сактоо

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть