Мас абалында унаа башкаргандар дээрлик 50 пайызга кыскарды

12.05.2023, 11:50 Акчабар
Мас абалында унаа башкаргандар дээрлик 50 пайызга кыскарды

Кыргызстанда мас абалында унаа башкаргандар дээрлик 50 пайызга кыскарды. Соңку эки айдын жыйынтыгын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жарыялады.

Ага ылайык, 8-марттан тарта 728 адам машинесин мас абалында айдаганы аныкталган. Былтыр ушул маалда бул көрсөткүч 1 миң 448 болчу.

Белгилеп кетсек, өлкөдө жол эрежесин бузгандарга жазаны күчөткөн мыйзам күчүнө кирген. Эми унааны мас абалында башкаргандар айдоочулук күбөлүгүнөн бир жылга ажыратылат. Эгер экинчи жолу алкоголдук ичимдик ичип кармалса, үч жылга машине айдоо укугунан ажырайт. Ал эми үч жолу кайталап жол эрежесин бузган айдоочулар кайрадан сынак тапшырат.

Тэги: Айдоочу эреже мыйзам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть