Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн 64 чет элдик жаран депортацияланат

15.04.2024, 13:35 Акчабар
Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн 64 чет элдик жаран депортацияланат

Бишкекте Кыргызстандын миграциялык мыйзамдарын бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандар аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-апрелде болгон ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Пакистан жана Бангладештен келген 130дан ашуун чет өлкөлүк жаран аныкталып, алардын ичинен 64ү виза мөөнөтү өтүп кеткен жана каттоосу жок жүргөнү аныкталган.

"Аталган чет элдик жарандар өлкөгө коомдук тамактануу, жеткирүү кызматтары, курулуш жана кийим тигүү тармагында ишке орношуу максатында мыйзамдуу түрдө келишкен. Бирок алардын көбүндө тиешелүү квалификациянын жоктугу жана айлык акынын аздыгы көйгөй болуп жатканы аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Мындан улам, УКМК Ички иштер министрлиги менен биргеликте чет элдик мыйзам бузуучуларга тиешелүү айып салуу менен административдик протоколдорду түздү. Мыйзамга ылайык, чет элдиктер келген өлкөлөрүнө депортацияланат.

Тэги: депортация чет элдик Пакистан Бангладеш УКМК ИИМ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть