Кыргызстанда расмий түрдө 76 миңден ашык адам жумушсуз

15.04.2022, 12:17 Акчабар
Кыргызстанда расмий түрдө 76 миңден ашык адам жумушсуз

Үстүбуздөгү жылдын биринчи кварталында иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо 101,7 миң адам турган, алардын ичинен 76,9 миң адам расмий жумушсуз статусуна ээ. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Улутук статистика комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстанда экономикалык жактан активдүү калк 2 млн 595,4 миң адамды, ал эми иш менен камсыз болгон калктын саны 2 млн 445,2 миң адамды түзөт.

"Биринчи кварталда республика боюнча жумушсуздуктун деңгээли экономикалык активдүү калктын санынын 3%ын түздү", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, Иш менен камсыз кылуу кызматына билдирилген бош жумуш орундарынын саны 4,9 миң бирдикти түздү, алардын ичинде жумушчу адистиктерге суроо-талап басымдуулук кылды. Бир бош жумуш ордуна 28 адам талапкер болгон.

Тэги: жумушсуздук иш менен камсыз кылуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть