“SUIUN TV” лотереясы Кыргызстанда мыйзамсыз ойнотулууда. Бул тууралуу Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы билдирди.
Аталган кызмат жарандарды билет сатып албоого жана Кыргызстандын аймагында уюштурулган мыйзамсыз лотереяларга катышпоого чакырат.
Башкармалыктын кызматкерлери тарабынан тиешелүү материалдар УКМКга, Башкы прокуратурага жана Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү. Уюштуруучуларга бир нече жылдан бери лотереяны мыйзамсыз өткөргөн деп кылмыш иши козголду.