Кыргызстанда токойлор электрондук картага түшүрүлөт

17.02.2022, 15:00 Акчабар
Кыргызстанда токойлор электрондук картага түшүрүлөт

Кыргызстанда токойлорду электрондук картага түшүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Алмаз Мусаев билдирди.

Анын айтымында, санариптештирүүнүн алкагында токойлор гектар менен эсептелбей, бөлүп санала баштайт.

Токой чарбалык жумуштар, токойду өстүрүү, пландоо иштеринин баары электрондук форматка өткөрүлөт. Кыргызстанда токой фондунун жерлеринде 20 миңдей ижарачы бар, алардын баарынын электрондук базасын түзүлөт.

Эске салсак, 2022-жыл өлкөдө “Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылы” деп жарыяланган.

Тэги: токой санариптештирүү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть