akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    05.10.2023, 09:00

    Улуттук статистика комитеттин маалыматына караганда, 2022-жылы Кыргызстанда жеке турак жайлардын жалпы аянтынын бир чарчы метринин орточо баасы 16,6 миң сомду түздү.

    Көрсөткүчтү мурунку жылдардын маалыматтары менен салыштырганда өсүш байкалат. Мисалы, 2021-жылы баа 16 миң 100 сом болсо, 2018-жылы 15 миң сомду түзгөн.

    Эң кымбат жеке турак жайлар Бишкекте курулууда. Ордо калаада бир чарчы метрдин орточо баасы 30 миң сомдон ашат.

    Жеткиликтүү шарттар Ош, Нарын жана Баткен облустарында катталган. Аталган аймактарда көрсөткүч 11 миңден 12 миң сомго чейин.


    Читать похожее

    • 22.08.2024, 00:10:17
    • 11.07.2024, 00:45:00
    • 06.05.2024, 04:35:27
    • 30.04.2024, 22:00:42