Кыргызстанда унаа чыгаруучу заводдун курулушу башталды

28.02.2024, 17:45 Акчабар
Кыргызстанда унаа чыгаруучу заводдун курулушу башталды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Чүй облусунун Сокулук районундагы унаа чыгаруучу заводдун курулушуна капсула салды.

Долбоор электромобилдерди, коммерциялык жана жүргүнчүлөрдү ташуучу унааларды, атайын техникаларды чогултууга, транспорттук каражаттарды жана ага тиешелүү продукцияларды эл аралык рынокто сатууга багытталган.

Ишкананы куруу жана ишке киргизүүнү Министрлер кабинети, жергиликтүү ишканалар кытайлык “China Hubei Zhuoyue Group” компаниясы менен биргеликте ишке ашырууда. Биринчи этаптын инвестициялык көлөмү 115 млн долларды түзөт, долбоордук кубаттуулугу жылына 80 миңден ашык автоунааны түзөт.

Автоунааларды чыгаруу жана сатуу боюнча ишкананы ишке киргизүү быйыл август айына пландалууда.

Тэги: Чүй облусу автоунаа завод

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть