Кыргызстанда жыл башынан бери баалар 1,5 пайызга өстү

01.03.2022, 13:17 Акчабар
Кыргызстанда жыл башынан бери баалар 1,5 пайызга өстү

Кыргызстанда жыл башынан бери баалар 1,5 пайызга өскөн. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтында жарыяланды.

Кыргызстанда баалардын динамикасына дүйнө жүзү боюнча азык-түлүктөргө жана майлоочу-күйүүчү материалдарга баалардын өсүшү таасирин тийгизип жатат. Үстүбүздөгү жылдын 18-февралга карата инфляция жылдык мааниде 10,6 пайызды түзгөн.

Ошол эле учурда өлкөдө келечектеги баа динамикасы көп учурда соода боюнча өнөктөш өлкөлөр, биринчи кезекте Россия жана Казакстан менен соода жүргүзүү шарттарына көз каранды.

“Геосаясий тобокелдиктеринин биздин региондогу бардык өлкөлөргө жалпы тийгизген таасирин эске ала турган болсок, Кыргыз Республикасынын соода жүргүзүү шарттары мында олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болгон эмес. Аны менен катар геосаясий тобокелдиктеринин улам курчушунан түзүлгөн дүйнөлүк финансы рынокторундагы белгисиздик өлкөгө кошумча инфляциялык басым жаратат”,- деп айтылат маалыматта.

Мындай шартта Улуттук банк 2022-жылы монетардык саясаттын максаттуу көрсөткүчү болуп инфляциянын орточо деңгээлин 12 пайыз чегинде кармап туруу экенин белгилеген.

“Улуттук банктын акча-кредит саясаты биринчи кезекте баа туруктуулугун кармап туруу үчүн жүргүзүлөт”,- деп баса белгилейт Улуттук банк.

Белгилей кетсек, 28-февралда Улуттук банк Башкармасы эсептик ченди 10%га чейин көтөрүү чечимин кабыл алган. Бүгүн, 1-марттан тартып аталган чечим күчүнө кирди.

Тэги: КР Улуттук банк баалардын динамикасы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть