Кыргызстанда жылуулук энергиясынын тарифтери өзгөрүшү мүмкүн

06.10.2023, 10:30 Акчабар
Кыргызстанда жылуулук энергиясынын тарифтери өзгөрүшү мүмкүн

Энергетика министрлиги жылуулук энергиясына тарифтерди эсептөө ыкмасын өзгөртүүнү сунуштоодо. Аталган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Сунушталган мыйзам долбоорунда “Электр энергетикасы” жөнүндө мыйзамда баалар өндүрүшкө жана техникалык тейлөөгө кеткен чыгымдарды жабышы керектиги, капиталдык чыгымдардын ордун толтурушу, инвестиция тартышы жана пайыздык ченди кайтарышы керектиги айтылган.

Мындан тышкары, тарифтер жылуулук же электр энергиясын өндүрүүгө, берүүгө жана бөлүштүрүүгө кеткен чыгымдарды толук жабышы керектиги белгиленген.

Бирок, колдонуудагы мыйзамда жылуулук энергиясына тарифтерди эсептөөнүн учурдагы ыкмасында тарифтерди белгилөөдө керектөөчүлөрдүн каалаган категориясы үчүн жылдык өсүш 25 пайыздан ашпашы керек деп жазылган.

Мындан улам сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда аталган 25 пайыздык чекти алып салуу сунушталууда.

“Ушуга байланыштуу бааны (тарифти) толук өздүк наркына жеткирүү максатында тарифтерди жогорулатуу боюнча жылдык 25 пайыздык чекти жараксыз деп табуу сунушталууда. Бул Кыргызстандын электр энергетика тармагынын туруктуу өнүгүшүн, туруктуу жана ишенимдүү иштешин камсыздайт, ошондой эле ченемдик укуктук актыларды республиканын мыйзамдарына ылайык келтирет”, - деп айтылат долбоордун маалымкат негиздемесинде.

Тэги: жылуулук энергиясы күз-кыш мезгили Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть