Кыргызстандагы эки мөңгүгө арапча ысымдар берилди

06.10.2023, 09:57 Акчабар
Кыргызстандагы эки мөңгүгө арапча ысымдар берилди

Жогорку Кеңеш Жети-Өгүз районундагы Ак-Шыйрак кырка тоосундагы №354 аты жок мөңгүгө “Шейх Заид бин Султан Аль Нахайян” ысымын (географиялык аталышын) ыйгаруу жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, кабыл алды.

Аталган мыйзам долбоорун Министрлер кабинети демилгелеген.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору Бириккен Араб Эмираттары менен эки тараптуу кызматташууну мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүү максатында жана Кыргызстандын мамлекеттик кызыкчылыктарын эске алуу менен иштелип чыккан.

Мындан тышкары, Ак-Шыйрак массивинде жайгашкан №331 аты жок мөңгүгө “Падыша Абдулазиз” ысымын (географиялык аталышын) ыйгаруу жөнүндө мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды. Мыйзам долбоор Сауд Арабия менен кызматташууну мындан ары чыңдоо максатында иштелип чыккан.

Тэги: мөңгү БАЭ Сауд Арабия Ысык-Көл

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть