Кыргызстандыктар чет элдик валютада көбүрөөк насыя ала баштады

19.01.2024, 11:10 Акчабар
Кыргызстандыктар чет элдик валютада көбүрөөк насыя ала баштады

2023-жылдын 11 айында чет элдик валютада насыя алган кыргызстандыктардын саны өскөн. Статистикалык маалыматтарга ылайык, мындай насыялардын жалпы насыяга карата пайызы 9,2%дан дээрлик 25%га чейин жогорулаган.

Алсак, январь айында 12,8 млрд сомдук насыялар берилген болсо, чет өлкөлүк валютада 1,2 млрд сомго эквиваленттүү же насыялардын жалпы суммасынын 9,2%ы берилген. Июль айында бул көрсөткүч 16,1%га чейин өскөн, ал эми ноябрь айында жалпысынан коммерциялык банктар 24 млрд сомго насыя беришкен, анын 6 млрд сому, же 24,9%ы чет элдик валютада болгон.

Ал эми октябрь айында коммерциялык банктар 6,7 млрд сом чет өлкөлүк валютада насыяларды берген. Бул Кыргызстандын тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч.

Тэги: насыя алуучулар насыя чет өлкөлүк валюталар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть