Кыргызстандыктар Италиянын айыл чарбасына ишке орношо алат

14.11.2023, 13:30 Акчабар
Кыргызстандыктар Италиянын айыл чарбасына ишке орношо алат

Кыргыз жарандары Италиянын Сардиния аймагына дыйканчылык, туризм жана мейманкана тармагында ишке орношо алышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигине таянып “Reporter.kg” билдирди.

Кыргызстандын Италиядагы элчилигинин көмөгү менен айыл чарба өндүрүүчүлөрүн бириктирген “Coldiretti Sardegna” ассоциациясы менен макулдашты.

Ассоциация кыргыз жарандарын толук социалдык пакет менен ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгүн берет.

Белгилей кетсек, кыргызстандыктар Англия, Германия, Япония жана Түштүк Кореяга жигердүү ишке жөнөтүлүүдө.

2023-жылы Англияда 10 миңге жакын кыргыз жараны жумушка алынган.

Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматында, жумушсуздук акыркы эки жылда 7,7%га, ал эми расмий жумушсуздук 0,3%га кыскарды.

Тэги: Италия эмгек миграциясы мигранттар тышкы миграция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть