
Опубликовано
26.09.2023, 07:50Жыл башынан бери Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан 10 миллиондон ашык чет өлкөлүк жаран өттү. Мындай билдирүүнү ички иштер министри Улан Ниязбеков чет элдик коноктордун коопсуздугун камсыздоо боюнча онлайн жыйында билдирди.
Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда көрсөткүч болжол менен беш эсеге өскөн.
Чет элдиктердин басымдуу бөлүгү – болжол менен 97 пайызы Өзбекстан, Казакстан жана Россиянын жарандары болгон.