2023-жылдын декабрь айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын дүң эл аралык резерви 3 млрд 236 млн долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Эске салсак, 2022-жылдын декабрь айында дүң эл аралык резерв 2 млрд 798 млн долларды түзгөн.
“Резервдин ликвиддүү бөлүгүн карасак, бул көрсөткүч 2023-жылдын декабрь айынын жыйынтыгы боюнча 3 млрд 160 млн доллардан ашкан. Ал эми 2022-жылдын декабрь айында 2 млрд 718 млн долларды түзгөн”, - деп айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, Улуттук банк резервди улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн, баалардын туруктуулугун сактоо, финансылык туруктуулукту камсыз кылуу, ошондой эле, Министрлер кабинетинин чет өлкө валютасындагы милдеттенмелерин тейлөө үчүн колдонот.