Кыргызстандын Кытайга болгон карызы бир айда 4 млрд сомго көбөйдү

04.08.2020, 15:04 Акчабар
Кыргызстандын Кытайга болгон карызы бир айда 4 млрд сомго көбөйдү

Кытайдын экспорттук-импорттук банкына болгон Кыргызстандын мамлекеттик карызы 134 миллиард 889,44 миллион сомду (1 миллиард 775,13 миллион доллар) түзөт. Мындай билдирүүнү Финансы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, май айынын аягында Кытайга болгон карызы 130 миллиард 867,32 миллион сом (1 миллиард 774,04 миллион доллар) деңгээлинде болгон. Ошентип, бир айдын ичинде Асман империясынын алдындагы карыздык милдеттенмелер 4 миллиард 22 миллион 120 миң сомго көбөйдү.

Белгилей кетсек, Кытайга болгон Кыргызстандын тышкы карызы 43,2 пайызды түзөт.

Тэги: Мамлекеттик карыз Кытай-Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть