Кыргызстандын түштүк аймактарындагы жалпы кызыкчылыктардын топтору бизнесин өнүктүрүү үчүн техникалык жабдууларды алышты

04.02.2022, 10:53 Акчабар
Кыргызстандын түштүк аймактарындагы жалпы кызыкчылыктардын топтору бизнесин өнүктүрүү үчүн техникалык жабдууларды алышты

Ага Хан Фондунун “Кыргызстандын тоолуу жамааттарын өнүгүүсүн колдоо программасы”Коомдук Фонду “Аракетчил” долбоорунун алкагында Кыргызстандын түштүк облустарындагы 28 жалпы кызыкчылык топторуна жабдууларды берди. Долбоордун алкагында ар бир аймактын инфратүзүмүнө, экономикасына жана жайгашкан жерине жараша кирешелүү ишмердиктин негизги багыттары – кошумча нарк чынжырчалары (КН Ч) аныкталган. Мисалы, Баткен облусундагы КНЧ катары кол өнөрчүлүк, малина жана өрүк өстүрүү тандалды. Ош облусундагы негизги КНЧ – күрүч жана алма өстүрүү, ал эми Жалал-Абад облусунда – кол өнөрчүлүк жана балчелек кармоо.

Жергиликтүү компанияларды күчтөндүрүү үчүн ушул тармактарда иштеген 45тен ашуун ишкерлер катышуучулардын өндүрүү-сатуу тогошторун ийгиликтүү түзүү жана башкаруу, базардагы атаандаштыкка туруштук берүү боюнча адистештирилген окуудан өтүштү.
Тренингдерде катышуучулар айыл чарба өнүмдөрүн өндүрүү, ошондой эле күрүч малина, бал жана бадамдан азыктарды жаӊыча даярдоо боюнча, ошондой эле кол өнөрчүлүк жаатындагы усулдарды үйрөнүштү. Ишкерлер ошондой эле бизнес жүргүзүү, маркетинг, стратегиялык пландоо жана каржылоо боюнча билим алышты. Жергиликтүү ишкерлердин– жалпы кызыкчылык топторунун мүчөлөрүнүн дареметин арттыруу үчүн окутуу 2022-жылдын май айына чейин улантылат.

Окутуудан кийин КНЧлады өнүктүрүү жана ишинин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында аларга атайын жабдуулар берилди:

● Баткен облусундагы 13 ЖКТго 11 энергия үнөмдөөчү кургаткыч, 7 жүн тытуучу станок, 3 вакуумдук орогуч аппарат, ошондой эле 3000 даана малина көчөт;
● Ош облусундагы 7 ЖКТго – 4 күрүч кургаткыч, 3 жемиш туурагыч, 3 жемиш
кургаткыч;
● Жалал-Абад облусундагы 8 ЖКТго – 3 жүн тытуучу станок, кадамдуу тамандары бар 1 кийиз басуучу машине, 1 жүн жуугуч машине, 3 мом эриткич, 3 бал агызгыч.

“Биз жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн көндүмдөрүн жана билимдерин жакшыртуучу, алардын техникалык базасын чыӊдоочу “Аракетчил” долбоорунун комплекстүү мамилеси ишкерлердин өздөрү кызыккан чөйрөлөрдө өндүрүү-сатуу тогошторун жакшы түзүшүнө жана тескөөсүнө, ошондой эле жергиликтүү жана чет өлкөлүк базарларда атаандаштыкка жөндөмдүү болушуна өбөлгө түзөт деп эсептейбиз”, – деди “ - L4Y” MSDSP долбоорунун координатору Эмилия Саалиева.

АРАКЕТЧИЛ» долбоору Япония Өкмөтү тарабынан Дүйнөлүк Банк менен өнөктөштүктө каржыланып, Ага Хан Фондунун «Кыргызстандын тоолуу жамааттарын өнүгүүсүн колдоо программасы» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.

Тэги: Ага Хан Фонду

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть