Бүгүн Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакала жана Европа Биримдигинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Томас Никлассон Кыргызстанга иш сапары менен келишти. Бул тууралуу Кыргызстандагы Евробиримдиктен билдиришти.
Сапардын алкагында ЕБнин атайын өкүлдөрү ЕБ жана Борбор Азиянын атайын өкүлдөрүнүн Ооганстан боюнча жолугушуусуна катышышат.
Мындан тышкары, алар Кыргызстандын мамлекеттик өкүлдөрү жана жарандык коом менен бир катар жолугушууларды өткөрмөкчү.