Кыргызстанга өткөн жылы дээрлик 185 миң унаа импорттолду.
Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, сырттан ташылган машинелердин жалпы баасы 2 миллиард 767 миллион долларды түзгөн. Өлкөгө 61 мамлекетте өндүрүлгөн унаа кирген.
Көбү Кытайдан, Түштүк Кореядан жана Россиядан импорттолду.
Эске салсак, 2022-жылы Кыргызстанга 41 миң унаа жеткирилген.