«Кыргызжылуулукэнергонун» кызматкерлери мамлекетке 22,5 млн сом зыян келтирген

22.02.2022, 15:49 Акчабар
«Кыргызжылуулукэнергонун» кызматкерлери мамлекетке 22,5 млн сом зыян келтирген

“Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдары тарабынан мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Аталган ишкананын жылуулук менен жабдуу боюнча Канттагы филиалынын кызмат адамдары тарабынан мыйзам бузуу фактылары белгилүү болуп, ири финансылык зыян келтирилгени аныкталган.

"Козголгон кылмыш ишинин жана дайындалган экспертизалардын алкагында тийиштүү текшерүүлөр жүргүзүлүп, жыйынтыгында бюджеттик каражаттарды көмүскө жүгүртүүгө боюнча туруктуу мыйзамсыз схемалардын бар экендиги тастыкталды.

Мазутту керектөөнүн тарифтерин жасалма жогорулатуу, жогорулатылган баада товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу, ошондой эле башка укук бузууларга жол берилгендигинин натыйжасында мамлекетке 22,5 млн сом суммасында зыян келтирген",- деп айтылат билдирүүдө.

Учурда иштин аталган коррупциялык схемаларга тиешеси бар кызмат адамдарын, бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгаруу каналдарын аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, өткөн айда УКМК тарабынан “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын Орлов жылуулук-сууканал ишканасынан да ушундай эле мыйзам бузуулар аныкталып, мамлекетке 32,9 млн сомдук зыян келтирилгени аныкталган.

Тэги: УКМК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть