Кыргызстанда кызамыктын алдын алуу үчүн эмдөө менен камтуу 77 пайызды түздү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Белгиленгендей, жыл башынан бери кызылча менен ооруган 3 миң 618 учур аныкталган. Анын 88 пайызы 10 жашка чейинки балдар. Бейтаптардын дээрлик бардыгы эмдөөдөн өткөн эмес.
Кошумчаласак, илдеттин активдүү циркуляциясы Бишкек, Жалал-Абад жана Чүй облустарында байкалууда.
Ал эми ооруну жайылтпоо үчүн эмдөө менен камтуу 95 пайыздан жогору болушу керек.