Өлкөдө өлчөнгөн алтын куймаларын чыгара турган ишкана курулат

17.10.2023, 14:15 Акчабар
Өлкөдө өлчөнгөн алтын куймаларын чыгара турган ишкана курулат

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун “Аффинаж заводунун” филиалынын базасында өлчөнгөн алтын куймаларын чыгара турган ишкананын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин өлчөнгөн алтын куймалары чет өлкөдө чыгарылып келсе, мындан ары Кыргызстанда жасала баштайт. Мындан тышкары, тыйындар, сувенирдик тыйындар, медалдар, ар кандай көлөмдөгү ордендер чыгарылат. Өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруу үчүн Италия жана Германиянын алдыңкы заманбап технологияларын колдонуу пландалууда.

Жалпы 1,5 миң чарчы метр аянтка салына турган ишкананы пайдаланууга берүү 2024-жылдын биринчи кварталына пландалууда. Кошумчалай кетсек, имараттын курулушу “Кыргызалтын” ААКнын өз эсебинен каржыланат.

Тэги: Ишкана алтын капсула минкаб

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть