Баткендин Лейлек районунда курулуш материалдарын чыгарган муниципалдык ишкана ишке кирди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, ишкана Ак-Суу айыл аймагынын Жеңиш айылында жайгашкан. Аталган ишкананы ачууга 7 млн 400 миң сом жумшалган.
"Учурда керектүү жабдуулар орнотулуп, ишканада пескоблок, брусчатка, шакектер (кольцо), суу ноолору, электр мамычалар чыгарылууда. Ишканада 8 киши иштейт", - деп айтылат маалыматта.
Бул ишкана Ак-Суу суусунун жээгинде жайгашкандыктан, жумушчулар керектүү кум-шагылды аталган дарыядан алып колдонот.