2024-жылдын 25-майынан тарта орусиялык “Уральские авиалинии” авиакомпаниясы Бишкек-Сочи-Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарын баштайт Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Сочиге каттамдар жумасына бир жолу – ишемби күндөрү аткарылат.
Бул каттамга байланыштуу бардык суроолор боюнча “МАМ” ААК авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.