Каржы министрлиги: Мам.кызматкерлердин айлыктарын көтөрүүгө мүмкүнчүлүк жок

14.10.2019, 11:06 Акчабар
Каржы министрлиги: Мам.кызматкерлердин айлыктарын көтөрүүгө мүмкүнчүлүк жок

Агрардык саясат боюнча Жогорку Кеңештин комитети биринчи окууда 2019 – жылдын 14 – октябрында КР 2020 – жылдагы республикалык бюджет мыйзам долбоорун жана 2021-2022 жылдагы каражат анализин карашты.

Комитетке маалыматты Каржы министринин орун басары Алмаз Азимов алып келди.

ЖК депутаты Мирлан Бакиров эмне себептен мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүү тууралуу демилге долбоорго киргизилбегендигин сурады.

Бул муроого министрликтин орун басары, бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүү боюнча эч кандай мүмкүнчүлүк жок экенин билдирди.

Андан сырткары, Алмаз Азимов депутаттын 5 миң гектар жер кайтарган токойчунун эмгек акысы канча деген суроосуна жооп бере албай, такалды.

5 миңден 7 миң сомго чейин алышат токой-чарбада иштегендер, ал эми суу тармагаындагылар андан дагы аз эмгек акы алышат билдирди депутат.

Жыйында айыл-чарба министри Эркинбек Чодуев экспорттолгон жүндүн көлөмү 12 миң тоннаны түзөт, меринос жүнү 138-150 сомдон сатылып жатат деп билдирди.

Андан сырткары, Жер кодексинде маселелер бар экенин эл өкүлү кошумчалады.

Тэги: Мамлекеттик кызматкер эмгек акы Каржы министрлиги 2019

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть