2018-жылы Кыргызстанга канча автоунаа келген жана бюджетке канча каражат түшкөн?

14.11.2019, 17:35 Акчабар
2018-жылы Кыргызстанга канча автоунаа келген жана бюджетке канча каражат түшкөн?

Депутат Алтынбек Жунус уулу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевден, 2018-жылы Кыргызстанга канча автоунаа киргизилгендиги жана андан канча каражат түшкөндүгү тууралуу сурады.

Бул суроого вице-премьер-министр Замирбек Аскаров «2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанга киргизилген автоунааларга болгон жеңилдиктер токтотулат жана бүгүнкү күндө өлкөгө 7 миң автоунаа келген», - деп жооп берди.

Бюджетке 1,5 млрд сом түшкөн. «Мамлекет мындан утулуп калган жок. Тескерисинче биз уттук – бюджетке кошумча киреше түштү, жарандар кошумча жумуш орундар менен камсыз болушту», - деп кошумчалады З.Аскаров.

Депутат Алтынбек Жунус уулу премьер-министрге: «Эгерде Кыргызстанга атайын техникаларды алып келсе, анда жеке компания бул техникалар менен колдоно алат жана бажы төлөмдөрүнөн бошотулат. Эгерде компания атайын техниканы сатууну чечсе, анда бул “сатып” кеткен менен барабар болуп, кайрадан бажы төлөмдөрүн төлөөсү тийиш», - деп билдирди.

Андан сырткары, депутат премьер-министрге унаа сатып алып жаткан жарандар үчүн мүмкүнчүлүк түзүп берүү керек деген сунушун берди.

Тэги: мамлекет бюджет автоунаа Бажы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть