Akchabarsearch
Источник фото: Спутник

Опубликовано

20.12.2019, 10:20

2020-жылдын аягында 2015-2020 жылдардагы жеткиликтүү турак-жай программасынын мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу 20-декабрда экономика министрлигинин өкүлү Ханчоро Мурзалиев Бишкекте өткөн тегерек столдо билдирди.

Ошол себептен экономика министрлиги 2020-2025-жылдарга «Ак конуш 2020-2025» аталыштагы жаңы программаны иштеп чыкты.

«Программанын багыты - мамлекеттик органдарды тартуу, бюджеттик эмес булактарды каржылоого тартуу, ипотекалык насыя мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, пайыздык ченди төмөндөтүү», – деп билдирди ал.

Санарипке басым жасап, онлайн режимге өтүү пландалууда.

«Программаны ишке ашырууга 10 млрд сомдон кем эмес каражат керектелет. Каржылоо булактары – грант, эл аралык өнөктөштөрдүн өнүктүрүүгө багытталган насыялары, мамбюджет, мамлекеттик ипотекалык баалуу кагаздар», - деп кошумчалады.

МИК жарандарга 10 млрд сомго насыя бере алат.


Читать похожее

  • 10.07.2024, 00:45:41
  • 15.03.2024, 04:00:53
  • 04.03.2024, 21:20:56
  • 15.02.2024, 00:50:43