Мамлекеттик ипотекалык компанияда жаңы «Ак конуш 2020-2025» программасы ишке кирет

20.12.2019, 16:20 Акчабар
Мамлекеттик ипотекалык компанияда жаңы «Ак конуш 2020-2025» программасы ишке кирет

2020-жылдын аягында 2015-2020 жылдардагы жеткиликтүү турак-жай программасынын мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу 20-декабрда экономика министрлигинин өкүлү Ханчоро Мурзалиев Бишкекте өткөн тегерек столдо билдирди.

Ошол себептен экономика министрлиги 2020-2025-жылдарга «Ак конуш 2020-2025» аталыштагы жаңы программаны иштеп чыкты.

«Программанын багыты - мамлекеттик органдарды тартуу, бюджеттик эмес булактарды каржылоого тартуу, ипотекалык насыя мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, пайыздык ченди төмөндөтүү», – деп билдирди ал.

Санарипке басым жасап, онлайн режимге өтүү пландалууда.

«Программаны ишке ашырууга 10 млрд сомдон кем эмес каражат керектелет. Каржылоо булактары – грант, эл аралык өнөктөштөрдүн өнүктүрүүгө багытталган насыялары, мамбюджет, мамлекеттик ипотекалык баалуу кагаздар», - деп кошумчалады.

МИК жарандарга 10 млрд сомго насыя бере алат.

Тэги: мамлекет мамлекеттик ипотекалык компания каржылоо турак жай

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть