Мамлекеттик лабораторияларда «iLab» маалыматтык системасы колдонулууда

22.12.2023, 15:32 Акчабар
Мамлекеттик лабораторияларда «iLab» маалыматтык системасы колдонулууда

Кыргызстандын 100 мамлекеттик лабораториясында “iLab” лабораториялар үчүн маалымат системасы колдонулат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, лабораториялар үчүн маалыматтык система жолдомолорду иштеп чыгуу, анализдөө, эсепке алуу жана изилдөө жыйынтыктарын жеткирүү процесстерин автоматташтырууга мүмкүндүк берди.

Система ошондой эле бейтаптарга жана дарыгерлерге тезирээк диагностикалоо жана изилдөө натыйжаларына жетүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

“Учурда системада 1 млндон ашык изилдөөлөрдүн натыйжалары сакталып турат. Бейтаптар өз изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын жана жашы жете элек балдарынын изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын “Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы жана анын мобилдик тиркемеси аркылуу жеткиликтүү болгон “Digital Health Profile” аркылуу көрө алышат”, - деп айтылат маалыматта.

Тэги: санарип лаборатория маалыматтык система

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть