Опубликовано
26.08.2020, 04:45Акыркы төрт жыл ичинде мамлекеттик автоунаа номерлерди сатуудан Мамлекеттик каттоо кызматы бюджетке 2 млн 400 миң сом киреше алып келген. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.
[news 27410]
Номерлерди сатып алуу аукционсуз жүргүзүлөт. Бир номердин баасы 100 миң сомго чейин барат.
Бул сатып алуудан түшкөн каражат 100% мамлекеттин казынасын толтурат.
Эске сала кетсек, мамлекеттик «өзгөчө» номерлерди сатуу 2016-жылдан тарта башталган. Буга чейин бул ишкерлик менен жеке компаниялар алектенип келишкен. Түшкөн каражаттар толугу менен бюджетке эмес жеке жактардын чөнтөгүнө кетчү.