Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө жарлыкка кол коюлду

02.06.2022, 10:10 Акчабар
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө жарлыкка кол коюлду

Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасында аттестация өткөрүү жана сыноо мөөнөтүн өтүү маселелери жөнүндө жарлыкка кол коюлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жарлыктын максаты мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчынын кесиптик билимдеринин жана иш көндүмдөрүнүн ээлеген кызматына ылайыктуулугун аныктоо.

Өлкөнүн жаңы мамлекеттик кадр саясатынын негизги милдети мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын зарыл квалификацияга ээ болгон кызматчылардан турган жогорку кесипкөй аппаратын түзүүнү камсыз кылуу болуп саналат.

Бул саясатты ишке ашыруунун алкагында бул Жарлык менен бекитилет:

  • Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын аттестациялоону жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо;
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасында сыноо мөөнөтүн өтөөнүн тартиби жөнүндө жобо.

Тэги: саясат жарлык

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть