Аңчылык кылууга мораторий киргизүү сунушталды

23.10.2019, 15:05 Акчабар
Аңчылык кылууга мораторий киргизүү сунушталды

2020-2030-жылдары Кыргызстандын аймагында аркар-кулжа, теке-эчки, элик, марал-бугу, доӊуз жапайы жаныбарларына аӊчылык кылууга мораторий киргизүү сунушталды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊеште «Кыргызстанда жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аӊчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатканда маалым болду.

Депутат Экмат Байбакпаевдин айтымында, ушу тапта өлкө аймагында аӊчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндө ишкердик менен 52 юридикалык жак алектенет, анын ичинде 42 жеке менчик аӊчылык фирма, 9 коомдук чарба жана 1 мамлекеттик мекеме бар.

Аӊчылык жерлердин жалпы аянты — 14,4 миллион гектарды түзөт.

Маалыматка караганда, мурда аӊчылык иштерин уюштурууда 80 уюм иш жүргүзсө, азыр алардын саны 42ге чейин кыскартылды, ал эми аӊчылыкка 4 айга чейин гана уруксат берилет.

Тэги: мараторий аңчылык КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть