«Маркетплейс» финансылык платформасынын операторун түзүү талкууланды

04.02.2022, 09:21 Акчабар
«Маркетплейс» финансылык платформасынын операторун түзүү талкууланды

Улуттук банкында «Кыргызстан банктарынын союзу» ЮЖБнын жана Кыргызстандын коммерциялык банктарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен тегерек стол болуп өттү. Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган иш-чарада Кыргызстанды 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын жана Кыргызстанда санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүү боюнча 2020-2022-жылдарга каралган концепциясын аткаруу максатында, «маркетплейс» финансылык платформасын ишке ашыруу долбоору талкууланды.

Тегерек столдун жүрүшүндө «Кыргызстан банктарынын союзу» ЮЖБ тарабынан «Fin Market» («маркетплейс») финансылык платформасынын презентациясы сунушталып, «маркетплейс» финансылык платформасынын операторун түзүү, ачык программалык интерфейстерди (API) колдонуу, катышуучулар жана колдонуучулар менен өз ара иш алып баруу маселелери талкууланды.

Тэги: КР Улуттук банкы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть