2023-жылдын 17-октябрына карата Мамлекеттик материалдык резервдер фонду республика боюнча 20 миң 100 тонна азык-түлүк буудай данын сатып алды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, сатылып алынган буудайдын сапаты үчүнчү класстан төмөн эмес, глютени 23%дан кем эмес. Бүгүнкү күндө эгин сатып алуу уланууда.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда ун менен буудайды өлкөдөн ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизилген.