340 медицина кызматкерине бир каптан ун берилет

17.04.2020, 14:50 Акчабар
340 медицина кызматкерине бир каптан ун берилет

Сузак районунда Өзбекстандан келген жардамдын эсебинен 340 медицина кызматкерине бир кап ундан берилет. Бул тууралуу Жалал-Абад ТВ каналынын түз эфиринде Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев билдирди.

«Жарандардын келип жаткан акчалай жардамдарды медицина кызматкерлеринин колуна карматып жатабыз. Сузак ынтымак коому тарабынан келген ун, май түрүндөгү жардамдарды бөлүштүрүп бердик. Өзбекстандан келген жардамдын эсебинен 340 медицина кызматкерине бир кап ундан бөлүштүрдүк. Аны 1-2 күн ичинде алышат. Обсервацияда иштеп жаткандарга да жардам бөлүнүп жатат. Эгер кимге жетпей калса, бизге кайрылсаңыздар биз жардам бергенге даярбыз», — деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Тэги: медицина кызматкери бир каптан ун

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть