Медкызматкерлерге компенсация төлөө үчүн 1,4 млрд сом бөлүндү

08.09.2020, 15:50 Акчабар
Медкызматкерлерге компенсация төлөө үчүн 1,4 млрд сом бөлүндү

Медкызматкерлердин айлык маянасына үстөк кошумча компенсациялык төлөм үчүн 1,4 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.


«Коронавирус менен күрөшүүдө адам ресурстарынын ичинен – дарыгерлерибиздин эмгеги баа жеткис», - деп белгилеген премьер-министр Кубатбек Боронов.

Анын айтымында, Өкмөт эпидемиялык очоктордо иштеген дарыгерлер үчүн айлык маянасына үстөк кошумча компенсациялык төлөмдөрдү үзгүлтүксүз берип келе жатат.

март айында: 37,7 млн сом компенсация төлөнгөн;

апрелде:111,1 млн сом,

майда:110,7 млн сом,

июнда:119,3 млн сом,

июлда:41 649 медкызматкерге – 444,1 млн сом.



«2020-жылдын 26-августуна карата компенсациялык төлөөлөрдүн жалпы суммасы 785,4 млн сомду түздү. 1-сентябрда Өкмөттүн чечими менен 2020-жылдын аягына чейин кошумча 640 млн сом бөлүндү.Бөлүнгөн каражаттардын жалпы суммасы – 1 млрд 425 млн сом», - деп айтты өкмөт башчы.

Тэги: медкызматкерлер айлык маяна

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть