Мектептердеги акча чогултууга 60 миң сомго чейин айып салуу сунушталды

08.03.2024, 09:55 Акчабар
Мектептердеги акча чогултууга 60 миң сомго чейин айып салуу сунушталды

Кыргызстанда мектептерде мыйзамсыз акча чогулткандарга айып пул салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Бул тууралуу Reporter.kg жазды.

Мыйзам долбоорун депутат Миргүл Темирбаева иштеп чыккан.

Документте айтылгандай, 2023-жылдын май айындагы президенттин жарлыгы менен мектептерде мыйзамсыз акча жыйноого тыюу салынган. Бирок ага карабай, акча чогултуу токтобой келет. Мындан улам депутат каражат чогулткандарды айыпка жыгууну сунуштап жатат.

Мыйзам долбоорунда мектептерде мыйзамсыз акча чогулткан жеке жактарга 20 миң сом айып салуу сунушталууда. Эгер мектептин алдында фонд ачылып, акча жыйналса, жеке жактарды 40 миң сом, юридидикалык жактарды 60 миң сом айыпка жыгуу каралган.

Тэги: мыйзамсыз мектеп билим берүү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть