Январдан тарта өлкө боюнча жалпы билим берүүчү мектептердин 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануу ченеми 2 эсеге жогорулатылды. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Токтомго ылайык, айрым социалдык мекемелердин тамактануу ченемин этап-этабы менен жогорулатуу максатында 2024-жылга республикалык бюджеттен 999,4 млн сом өлчөмүндө каражат кошумча каралган.
Бул каражаттар жалпы билим берүүчү мектептердин 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусун жакшыртууга жумшалат.